• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламентте чек ара боюнча билдирүү жасап жаткан Айжигитовдун сөзү бөлүндү

28 Аяк оона 2022 11:26 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 28-сентябрдагы жыйынында депутат Султанбай Айжигитов фракциянын мөөнөтүн сурап, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча маалымат берди.

«Кыргыз-тажик чек арасындагы акыбал жеңилдештин ордуна татаалдап кетүү коркунучу турат. Ворух анклавында бизге караштуу стратегиялык өтө маанилүү обьекттер бар. Биринчиси, анклав менен Тажикстандын негизги территориясынын ортосундагы бизге караштуу участок жер. Бул өтө маанилүү. Себеби ушул жердеги участокту алдырып, көзөмөлдү жоготуп коё турган болсок, Баткен облусунун жарымы анклав болот, облустун теңин жоготуп алабыз. Экинчиси, ошол жер тилкени сактап турган эки пост болчу»,-деди Айжигитов.

Айжигитов трибунада сүйлөй баштаганда айрым эл өкүлдөрү анын сөзүн бөлдү. Депутат Айбек Мааткеримов чек ара маселелери жабык каралышы керектигин белгиледи.

Султанбай Айжигитов жасай турган билдирүүсүндө чек ара боюнча эч кандай купуя сыр жок экенин айтты.

«Эч кандай купуя сыр жок, бирөө мындай, тиги тигиндей деп эч кимдин атын атап, баа берейин деген оюм жок. Болгону акыркы окуялар тууралуу өз анализимди айтып берейин деп жатам» , — деди Айжигитов.

Эл өкүлү Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Ажибаевдер кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча парламенттин трибунасында айтылышы керектигин колдошту.

«Биз добуш аркылуу чечип, Айжигитовго сөз берип, борбордук трибунага чыгардык. Орто жолдон кайра сөзүн жулуп алабызбы? Эч кандай сыр жок деп жатат. Аягына чейин айтсын. Туура, Баткендеги акыркы окуя боюнча жашыруун калып калган маселелер көп болуп жатат. Бирок биз эч ким айта элек нерсени ачыктаган жокпуз, бүгүнкү жыйынды Баткендин канга боёлгон, жондоруна жүгүн артып, башпаанек издеп жүргөн эли көрүп жатат. Бизди жабык эшик артында жарманке курсун деп шайлады беле эле, ачык болушу керек» , — деди Мирлан Самыйкожо.

Бул арада Айжигитовдун кайрылуусун жабык кароо сунушу колдоо тапкан жок.

Количество просмотров: 1515