• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Парламентте депутаттар уруша кетишти

15 Үчтүн айы 202514:12 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурбек Сыдыгалиев менен депутат Медербек Алиев 15-январда парламенттин жалпы жыйынында кайым айтыша кетишти.

Депутат Алиев жыйында ар кандай маселелерди айтууга убакытты узартып алып, андан кийин карала турган бир мыйзам долбоорун кароо тууралуу сунуш берди. Ал эки жолу добушка коюлуп экинчи жолкусунда гана өткөн. Алиев ЖК жыйындарында ар кандай маселелерди алып коюу адатка айланганын айтып, депутаттарга сөз бербей койгоду деп Нурбек Сыдыгалиевди сынга алды.

Ага жооп берген Нурбек Сыдыгалиев кесиптешин бир маселе үчүн микрофонго кайра-кайра чыкканын айтып сындаган.

Количество просмотров: 328