• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламентте өкмөттү отставкага кетирүү сунушу айтылды

8 Чын куран 2021 16:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов өкмөттү отставкага кетирүү сунушун айтты.

«Эртеден бери ички иштер министри Айзада Канатбекованын өлүмү боюнча жооп берүүсүн талап кылып жатабыз. Бирок азыркыга чейин каралбай кармалып жатат. Мен башынан бери эле өкмөттү сындап келе жатам. Күйүүчү майлар, азык-түлүктөр кымбаттады. Мына күнүнө 3-4 адамдарыбыз коронавирустан өлүп жатат. Күндүз үйлөрдү тоноп жатышат. Депутаттарды өкмөттүн отставкага кетүүсүн колдоого чакырам. Жөн эле сүйлөбөй, парламент өзүбүздүн күчүбүздү көрсөтпөйлүбү», — деди депутат.

Количество просмотров: 276