Парламентте премьер-министрдин кызмат ордуна талапкерлер талкууланып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги булактарына таянып 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда депутат Аалы Карашев, Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов жана Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматов министрлер кабинетин жетектөөгө сунуштарды алышты. Бирок, үчөө тең баш тартышкан. Азырынча Парламенттик көпчүлүк коалициясынын мүчөлөрү учурдагы премьер-министр милдетин аткаруучу Артём Новиковго токтолушууда.
Буга чейин Дастан Бекешев министрлер кабинетинин башчылыгына талапкерди бекитүү жол-жобосу формалдуу болот деп билдирген. Талапкерлердин тизмесине УКМКнын учурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев дагы кирип калуусу мүмкүн.
Эл өкүлү референдумда жаңы Конституция кабыл алынгандан кийин өкмөт кайрадан дайындалышы мүмкүн деп эсептейт.
Эске салсак, 28-январда Садыр Жапаров ант берип, президенттик кызматка расмий киришкен.