• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Парламентте ЖЭБди газга өткөрүү маселеси көтөрүлдү

21 Үчтүн айы 202111:24 Бишкек Govori.TV

Кара түтүндүн капташына Бишкек ЖЭБинин түздөн түз тиешеси бар. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында билдирди.

Депутаттын айтымында, Бишкек ЖЭБин газга өткөрүү керек.

«Бишкекти каптаган кара түтүн бир аз азайып калганын байкадык. Өкмөт күнөөнүн бардыгын унааларга илип коюп жатасыңар. Күн жылып ЖЭБдин жумушу азайды. Бул кара түтүндүн капташына Бишкек ЖЭБинин түздөн түз тиешеси бар. Жылуулук сезонунда ЖЭБди газга өткөрүү боюнча өкмөт программа даярдап жаткан. 3 айга болсо да газга өткөрөлү, чыгымын элге жүктөп койбойлу», — деди Маматалиев.


Количество просмотров: 186