• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Парламентти өкмөт укпай калдыбы?

29 Аяк оона 2022 17:56 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин 29-сентябрдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жоопкерчилиги тууралуу сөз кылды. Депутаттын айтымында Баткенге тажиктер кол салбай эле, парламент кол салгандай болуп өкмөт алар менен күрөшүп, парламентти жаман көргөзгөнгө аракет кылып жатат.


Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев министрлер кабинети аларды укпай калганын айтып, эки органдын бирин отставкага кетирүүгө чакырды.


Ушундай эле нааразычылыкты эл өкүлү Элвира Сурабалдиева дагы билдирди. Анын айтымында зомбулукка кабылган жашы жете электер менен аялдардын укугу корголот деген менен натыйжа байкалбайт.


Жогорку Кеңеш буга чейин Кумтөр алтыны тууралуу маалыматты талап кылган. Министрлер кабинетинин төрагасы бул тууралуу маалыматты айтканы азырынча байкала элек.


Мындан сырткары министрлер кабинетинин төрагасы кепилдик берип, дайындаган кадрларынын жоопкерчилигин тартуу маселеси айтылганына карабай, өкмөт тарап үн каткан жок. Бул унчукпастык канчага созулаары, азырынча белгисиз.

Количество просмотров: 380