• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Парламенттик шайлоо: БШК талапкерлерди каттоонун мөөнөтүн бекитти

1 Тогуздун айы 202511:10 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоонун календардык планын кабыл алды.

Шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, бардык шайлоо иш-чараларынын мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылды.

Маалыматта айтылгандай, саясий иш-чарага катышууну каалаган саясий партиялар шайлоо дайындалгандан кийин үч календардык күндүн ичинде Боршайкомго арыз бериши керек. Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 30-октябрга чейин уланат. Талапкерлерди каттоо үчүн тиешелүү документтерди тапшыруу 2-ноябрда аяктайт, аларды каттоо 10-ноябрда жыйынтыкталат.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 10-ноябрдан 29-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү 30-ноябрда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот.

Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгышы керек.

Количество просмотров: 212