• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Парламенттик шайлоо менен 3 шаардык кеңештин шайлоосун бирге өткөрүү сунушталды

27 Бугу 2021 11:06 Бишкек Govori.TV

Парламенттик шайлоо менен 3 шаардык кеңештин шайлоосун бирге өткөрүүнү сунуштайм. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев жыйын учурунда айтты.

Анын айтымында, эки шайлоону бир өткөрүүдө каражат үнөмдөлөт.

«Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерине шайлоо кайрадан өткөнү турат. Президент бир айдын ичинде жарлык чыгарышы керек. Кийин парламенттик шайлоо өтөт. Эки шайлоону биргеликте өткөрүүнү сунуштайм. Каржы бир аз болсо да үнөмдөлмөк. Эл дагы шайлоодон тажап калды» — деди депутат.

Количество просмотров: 101