• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Парламенттик шайлоонун эрежеси кайра өзгөрдү

28 Теке 2021 17:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 28-июлда парламентте “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатат.

Аталган мыйзам долбоору парламентке биринчи окууга киргенде 35 депутатты бир мандаттуу округда мажоритардык система менен, 55 депутат  бирдиктүү шайлоо округу боюнча пропорционалдык система менен шайлоо сунушталган.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча мыйзам долбоору экинчи окууга өзгөртүү менен киргизилди. Анда 36 депутат мажоритардык (бир мандаттуу), 54ү преференциалдык (партия жана анын ичиндеги талапкерди тандоо) системасы менен шайлоо сунушталууда. Мындай чечим депутаттардын президент Садыр Жапаров менен эки жолку жолугушуусунан кийин кабыл алынды.

Партиялар үчүн шайлоо босогосу өзгөртүлдү — ал 3 пайыздан 5 пайызга көтөрүлгөнү айтылды. Шайлоо күрөөсүнүн суммасы ошол эле өлчөмдө калды — 1 миллион сом.

Количество просмотров: 185