• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Парламенттин экс-вице-спикери Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады

8 Кулжа 2020 14:38 Бишкек Govori.TV

Парламенттин экс-вице-спикери, «Элдик көзөмөл» кыймылынын лидери Кубанычбек Исабеков Конституцияны өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигинин пресс-конференциясында билдирди.

Анын айтымында, Негизги мыйзам бири-бирине карама-каршы, ошондуктан пикир кагылышуулар көп келип чыгат. Анын ичинде президенттин, парламенттин жана шайлоонун ыйгарым укуктары жөнүндө макалалар топтому камтылган.

«Алдыда эң маанилүү иш-чара бул-Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо. Бирок ички жана тышкы карыздар өсүп жатат, аны менен катар жумушсуздук, миграция маселелери чечиле элек. Чек арадагы жаңжалдар курчууда. Тышкы карыздардын саны быйылкы жылдын эсебинен жарым миллиардга жетти. Биздин өкмөт коронавирус менен күрөшүүгө даяр эмес. Ал эми депутаттар элге жардам көрсөтүүнүн ордуна жетинчи чакырылышка өтүү менен алек. Башкача айтканда өздөрүнүн кызыкчылыктарын ойлошот,» — дейт Кубанычбек Исабеков.

Ал бул көйгөйлөрдүн баарын чечсе болот, бирок алгач мыйзам түзүмдөрүн ирээттеп, Конституциядан баштоо керек деп эсептейт.

Тактап айтканда, парламентарийлердин санын кыскартуу, шайлоо күрөөсүн төмөндөтүү, шайлоочулардын кызыкчылыктарын кеңири чагылдыруу үчүн мажоритардык системаны кайрадан жандандыруу. Кубанычбек Исабеков эл депутаттарына өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жана элдик ишеним өкмөтүн түзүүнү сунуштайт.

Мурунку вице-спикердин айтымында, ал жана анын кыймылы расмий- конструктивдүү оппозицияда. Бирок партиялар менен жана саясатчылар менен сүйлөшүүлөр мезгил-мезгили менен өткөрүлүп турат.

«Мен Темир Сариев жана Адахан Мадумаров менен жолуктум. Жалпысынан 10 партиядан сунуштар жана чакыруулар келип түштү. Мен көп жылдарымды тынчтык менен өткөрдүм. Ооба, мен шайлоого катышкым келип жатат, бирок кайсы партиянын курамына кирерим азырынча чечиле элек», — деп кошумчалады экс-вице-спикер. Бирок азыркы чакырылышты карап уялам. Эки сөздүн башын бириктире алышпаганы бул уят нерсе.

«Азыр элди акаевчилер, бакиевчилер, отунбаевачылар же атамбаевчилер деп бөлүү убагы эмес, болгон күчүбүздү жумшап биригүү мезгили келди», — дейт Кубанычбек Исаков.

Количество просмотров: 192