• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Парламенттин вице-спикери Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болот

18 Тогуздун айы 2021 16:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Кыргызстандын расмий өкүлүнүн кызмат ордуна вице-спикер Аида Касымалиеванын талапкерлигин жактырды. Маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалым болгондой, бүгүн Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Аида Касымалиеванын талапкерлигин Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна карап чыккан.

«Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорк шаарындагы Туруктуу өкүлүнүн кызмат ордуна Касымалиева Аида Камчыбековнанын талапкерлиги жактырылсын. Комитеттин чечиминин көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 190