Бүгүн, 13-ноябрда Парламенттин жыйыны өкмөт башчы жана укук коргоо органдарынын жетекчилери келишин талап кылуу менен башталып, жыйындын түштөн кийинки бөлүгүнө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев чакыртылды.
Маалыматка ылайык, Өкмөт башчы күн тартибиндеги 12-маселе (“Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу” мыйзамдын долбоору) боюнча чакырылган.