• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Паспорт чыры»: Мамкаттоонун мурдагы жетекчилери эркиндикте калтырылды

6 Үчтүн айы 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда электрондук паспортко бланктарды алууга байланыштуу тендер боюнча иш козголгон, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Руслан Сарыбаевге жана Данияр Бакчиевге, ошондой эле «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын экс-башчысы Талант Абдуллаевге карата сот өкүмү чыкты. Бишкектин Биринчи май райондук соту аларга карата алты категориядагы айыппул салып, эркиндикке калтырганын Абдуллаевдин адвокаты Марат Эшперов «Азаттыкка» билдирди. Адвокаттын айтымында, өкүм боюнча соттун токтому алына элек болгондуктан канча айыппул салынганы азырынча белгисиз.

Мамкаттоо 2018-жылы электрондук паспортко бланктарды сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Бул тендерге чет өлкөлүк беш компания катышып, литвалык «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү болуп табылган. Бирок сынактын дагы бир катышуучусу, германиялык «Мүлбауэр» компаниясы «тендерде эреже бузууга жол берилди» деп, сынактын жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тендер чыры боюнча кылмыш ишин козгоп, бир катар жооптуу мамлекеттик кызматкерлерди «тендерде «Гарсу Пасаулис» компаниясы утушуна кызыкчылыгы болгон» деп айыптаган. Анын алкагында Мамкаттоонун төрагасынын орун басарлары Руслан Сарыбаев, Данияр Бакчиев жана «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Талант Абдуллаев камакка алынган. Кийинчерээк бул адамдар тергөө менен кызматташканы үчүн үй камагына чыгарылган. Ал эми Мамкаттоонун төрайымы Алина Шаиковага быйыл август айында иш козголуп, ал өлкө аймагынан чыгып кеткен. Ички иштер министрлиги Шаикованын издөө уланып жатканын билдирип келет.

Бул чатакта УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловдун да аты аталып, ал өз арызы менен кызматтан кетүүгө аргасыз болгон эле.

Бул чатактан соң германиялык компаниянын арызынын негизинде Жогорку сот «Гарсу Пасаулис» компаниясы жеңүүчү деп табылган тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган.

Количество просмотров: 153