• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Паспорт жасоо боюнча 150 иш боюнча кайра тергөө баштады

24 Чын куран 201911:51 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.04.2019.Govori.TV.

Кыргыз паспортун жасоо боюнча 150 иш боюнча кайра тергөө баштады. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Жогорку Кеңеште билдирди

«Компаниянын жетекчилигине кылмыш иши козголгон. Эл аралык эксперттер, компаниянын таза эмес иш жүргүзөрүн айтышууда. Тендердин талаптары атайын өзгөртүлүп, ушул ишкана үчүн ыңгайлаштырылган. Ошондуктан, ири компаниялар Мамлекеттик каттоо кызматы жарыялаган тендерге катышуудан баш тартышкан», — деди Кадыркулов.

Анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматы февраль айында эле жеңүүчү менен келишимге кол коюуга даяр болчу.

«Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү билет сатып алып, Кыргызстанга келүүгө камынып жатышкан. Ошол күнү Башкы прокуратура иш козгоду», — дейт ал.

Белгилей кетсек, бейөкмөт уюмдар Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилигин коргоого алып, УКМК өлкөнү санариптештирүүнү үзгүлтүккө учуратып жатканын айтышууда.


Количество просмотров: 15