• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Паспортко кайрадан улут графасы киргизилди

15 Бештин айы 2020 12:48 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жарандарынын идентификациялык картасы – ID картасына «этностук таандыкты» көрсөтө турган графа киргизилди. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалат.

Тийиштүү токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков кол койду. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу максатында кабыл алынды. 

Конституциялык палата паспортко этностук таандык графасын көрсөтпөө боюнча 2017-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилиген чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын  38-беренесине карама-каршы келет деп тааныган. Ошондой эле буга чейин кабыл алынган чечимдин негизинде ар бир адамдын өзүнүн этностук таандыгын эркин аныктоо жана көрсөтүүгө карата укугун кепилдөө бузулганын белгилеген. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы кол коюлган токтомуна ылайык, Кыргызстандын жарандары өз эрки менен ID-паспортуна улутун көрсөтө алат.

Количество просмотров: 349