• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди

11 Баш оона 2020 14:57 Бишкек Govori.TV

КР Өкмөтүнүн токтому менен экономикалык иш жүргүзүүгө патенттин жана камсыздандыруу полисинин формалары бириктирилди.

Ушуга байланыштуу, Мамлекеттик салык кызматы бир документ менен патент жана камсыздандыруу полисин  алууга боло турган “Э-патент» электрондук сервисин (epatent.gov.kg) жакшыртты.

Бул жарандардын салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча милдеттенмелерин аткаруусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө жана башкаруунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө мүмкүндүк мүмкүндүк берет.   

Белгилей кетсек, мурда ишкерлер алгач патент жана андан соң камсыздандыруу полисин алууга убакыт коротуп келишкен.

2018-жылдан бери жарандар патентти салык органдарына келбестен, онлайн түрүндө алуу мүмкүнчүлүгун алышса да, бүгүнкү күнгө чейин патент менен бирге камсыздандыруу полисин аралыктан алуу мүмкүнчүлүгү болбой келген.

Эми эки документтин бириктирилген формасы электрондук форматта «Э-патент» электрондук сервиси аркылуу жеткиликтүү, ал эми бул үчүн төлөмдү ар кандай электрондук капчыктар, терминалдар же онлайн-банкингдин жардамы менен накталай эмес ыкмада жүргүзүүгө болот.

Бириккен форманы атайын QR-кодду көчүрүү аркылуу текшерүүгө мүмкүн.

Количество просмотров: 117