• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Патрулдук милицияга кабыл алуу сынагынын үчүнчү баскычы старт алды

9 Жетинин айы 2019 15:08 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаары боюнча Патрулдук милицияга кызматкерлерди алуу үчүн сынактын үчүнчү баскычы жарыяланды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) расмий сайтында маалымдалат.

Маалыматка ылайык, сынакка катышууга документтер 14-ноябрга чейин кабыл алынат. Ага ылайык, катардагы кызматтарга 19 жаштан 30 жашка чейинки жарандар, офицердик кызмат орун үчүн 21 жаштан 35 жашка чейинки жарандар документ тапшырса болот. Андан тышкары эркектердин бою 170 сантиметрден, кыз-келиндердин бою 165 сантиметрден кем болбошу керек.

Буга чейин Патрулдук милицияга эки жолу сынак өткөн. Анда  иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүшөт. Андан соң ден соолугу текшерилип, физикалык жактан даярдыгы каралат.

Количество просмотров: 56