• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Пауло Коэльонун «Алхимик» романы кыргыз тилине которулду

20 Үчтүн айы 2021 17:10 Бишкек Govori.TV

Бразилиялык жазуучу Пауло Коэльонун «Алхимик» романы кыргыз тилине да которулду.

Анын үстүндө журналист, жазуучу Болотбек Жумабаев иштеген. Ал советтик бир катар жазуучулардын чыгармаларын которуп келген.

Бишкектеги бет ачарда айтылган маалымат боюнча, бул китепти которууга бир жылдай убакыт сарпталды. Нускасы 2000 даана болуп жарыкка чыгарылган.

Дүйнөлүк бестселлер болгон «Алхимик» китебинен 85 млн даана сатылган. Бул чыгарма дүйнөдө эң көп тилге которулган роман катары Гиннестин Рекорддор китебине да жазылган.

Пауло Коэльонун чыгармасы 83 тилге которулуп, дүйнөдөгү 170 өлкөдө сатылат.

Количество просмотров: 47