• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ПЧР анализдин жыйынтыгын онлайн режиминде алууга болот

29 Теке 2021 9:11 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жарандардын ыңгайлуулугун жана медициналык маалыматтарды алуунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санариптик чечимдерди ишке ашыруу боюнча ишин улантууда. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, эми жарандар ПЧР анализинин жыйынтыктарын онлайн форматында электрондук саламаттыкты сактоо булагы https://vc.emed.gov.kg/ аркылуу ала алышат.

«ПЧР» кошумча баракчасына колдонуучу өзүнүн маалыматтарын (өзүнүн ПИН-кодун жана паспорттук маалыматтарын) киргизүү менен акыркы ПЧР анализинин натыйжаларын алат. Тесттин жыйынтыгын билүү үчүн сизге чалып же эч жакка баруунун кажети жок» , — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 86