• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Пенсияга чыгуунун жаш курагы көтөрүлөбү? Соцфонддун жообу

3 Жалган куран 2022 14:42 Бишкек Govori.TV

Жалпы пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү пландаштырган жок. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Соцфонддун төрагасынын орун басары Гүлнура Жуматаева билдирди.

Белгилей кетсек, аялдар пенсияга 58 жашында чыкса, эркектер 63 жашында чыга алат.

Жуматаеванын айтуусуна караганда, жеңилдетилген пенсионерлердин пенсияга чыгуу жашын жогорулатуу пландаштырылууда. «Мисалы, тоолуу райондордо жашап, үчтөн көп бала төрөгөн аялдар 45 жаштан пенсияга чыга алышат. Биз ушул жаш куракты көтөрүүнү пландап жатабыз, этап-этабы менен 48 жашка чейин», — деди ал.

Количество просмотров: 1033