• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Перизат Багышева: Кыйын айымдарды көрүп жашоого болгон көз карашым өзгөрдү

19 Бугу 202517:49 Бишкек Govori.TV

«GOVORI.TV» мультимедиялык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” долбоорунун алкагында уюштуруп келген айымдардын лидерлик дараметин арттырууга багытталган тренинг бул жолу Ысык-Көлдө өттү.

Бул окутуу тренингине өлкөнүн түндүк жергесиндеги 21 лидер айым чогулду. Алардын катарында жергиликтүү кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист жана жеке ишкерлер бар.

Алардын бири Перизат Багышева Нарындын Кочкор районунан келди.

Ал долбоордон кыйын айымдарды көрүп жашоого болгон көз карашым өзгөрдү деген пикири менен бөлүштү.

Количество просмотров: 378