• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Перудагы нааразычылык акциясында бир күндө 17 адам каза болду

11 Үчтүн айы 2023 9:32 Бишкек Govori.TV

Перуда 9-январдагы өкмөткө каршы нааразылык акцияларда 17 киши өлүп, дагы 68и жаракат алды. Бул тууралуу өлкөнүн түштүк бөлүгүндөгү Пуно аймагынын Саламаттык сактоо департаменти билдирди.

Бул өткөн жылы декабрда президент Педро Кастилього импичмент жарыялангандан кийин башталган нааразылык акциялардагы эң кандуу күн болуп калды. Башкармалыктын маалыматына караганда, каза тапкандардын арасында эки өспүрүм бар.

Департамент ошондой эле жаракат алган 28 полиция кызматкерин Хульяки аэропортунан эвакуациялоого мүмкүн болбой жатканын кабарлады. Перу бийлигинин маалыматына караганда, миңдеген демонстранттар полиция бөлүмүн жана аэропортту басып алууга аракет кылышкан.

Жалпысынан нааразылык акциялары башталгандан бери Перуда бери дегенде эле 39 адам каза болду. Акцияга чыккандар жаңы президент Дина Болуартенин отставкасын, парламентти таратууну, Конституцияны өзгөртүүнү жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү талап кылууда. Мындан тышкары алар козголоңчу деген айып менен тергөө абагында отурган, күнөөнү моюнга албаган Кастильону бошотууга чакырып жатышат.

Болуарте мөөнөтүнөн мурда шайлоону 2024-жылдын апрелинде өткөрүүнү сунуштаган. Ал демонстранттардын башка талаптарын канааттандыра албасын айтып, перулуктарды «ойлонууга» чакырды.

Перунун мурдагы вице-президенти Дина Болуарте Перу конгресси Кастилього импичмент жарыялагандан кийин 7-декабрда президенттикке киришкен. Кастильо Конгрессти таратууга аракет кылганда эл өкүлдөрү анын өзүн отставкага кетиришкен.

Педро Кастильо 2021-жылдын июнь айында 51,2% добуш менен Перунун президенти болуп шайланган. Конгресс ага импичмент жарыялоого эки жолу аракет кылып, үчүнчүсүндө ишке ашкан.

Дина Болуарте Перунун тарыхындагы алгачкы аял президент.

Количество просмотров: 61