• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Ошто селден бир адам каза болду

21 Чын куран 2024 11:17 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 41-чакырымында унааны сел агызып, бир адам каза болду. Бул ӨКМ кабарлады.

Министрликтин маалыматына ылайык, автоунаада төрт киши болгон (эки аял, бир бала жана бир эркек киши) киши. Эки аял менен баланы жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал эми айдоочуну сел агызып кеткен.

Издөө иштерине 11 куткаруучу тартылып, сел агызып кеткен маркумдун сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

20-апрелде нөшөр жаандан улам Ош облусунун Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Кара-Суу райондорунда сел жүрүп, бир катар унаа жолдор жабылган. ӨКМ селдин кесепеттерин жоюу иштери уланып жатканын кошумчалады.

Количество просмотров: 204