• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Песков: Пригожин каза болгон учак кырсыгы «атайын жасалган кыянаттык» болушу мүмкүн деген версия бар

31 Баш оона 2023 11:46 Бишкек Govori.TV

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин каза болгон учак кырсыгы атайын уюштурулган болушу мүмкүн деген версия бар экенин билдирди. Бул тууралуу РБК басылмасы жазды.

«Эч кандай тыянак жок болгондуктан так айта албайм. Бирок түрдүү версиялар, анын ичинде атайын уюштурулган кыянаттык сыяктуу версиялар да болуп жатат. Тергөө комитети жүргүзүп жаткан иликтөөнүн жыйынтыгын күтө турууга чакырам», – деди Песков.

Мунун алдында «Рейтер» агенттиги кабарлагандай, Эл аралык авиация комитети Бразилиянын авиакырсыктарды алдын алуу борбору иликтөөгө катышууга даяр экенин билдирген, бирок Орусия аны четке каккан.

Маалыматка караганда, орус тарап учак ички каттамды ишке ашырып жатып кулагандыктан, аны жергиликтүү адистер териштире турганын билдирген.

Кыйраган учакты бразилиялык Embraer компаниясы өндүргөн.

Песков Бразилиянын авиакырсыктарды алдын алуу борборунун сунушу боюнча комментарий берип, «азыркы жагдай, кырсыкка байланышкан кырдаал башкача экенин” айтты.

Пригожин баштаган тогуз киши бараткан учак 23-августта Тверь облусунда кулап түшкөн. Москванын Украинадагы согушуна жалданма жоочуларды тарткан Пригожиндин эки ай мурдагы Кремлге каршы козголоңун эске алганда, ал атайылап эле жок кылынган болушу мүмкүн деген версиялар айтылып, Кремль муну четке каккан.

27-августта Тергөө комитети Пригожиндин каза болгонун ырастап, шейшембиде ал Петербургдагы көрүстөнгө атасынын жанына коюлган.

Количество просмотров: 140