• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Песков: Садыр Жапаровдун Москвадагы Жеңиш парадына катышары белгисиз

5 Бугу 202115:10 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвада өтө турчу Жеңиш парадына катыша турганы азырынча белгисиз. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 5-майда журналисттерге билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазды.

«Кыргызстанда президент Садыр Жапаров Москвадагы Жеңиш парадына катышары же катышпай турганы тууралуу расмий маалымат азырына боло элек»,-деп билдирген ал.

Ошондой эле Песков Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 9-майда Москва шаарында өтө турган Жеңиш парадына катышарын кошумчалаган.

Количество просмотров: 847