• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Петербургда стадион урап түшүп, жумушчу каза тапты

2 Бирдин айы 2020 3:26 Бишкек Govori.TV

Санкт-Петербургда спорттук-концерттик комплекстин чатыры урап түшүп, бир жумушчу каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Чатырдын кокустан урап түшкөндөгү видеосу социалдык тармактарга жарыяланды.

Алдын ала маалыматка ылайык, каза болгон жаран Петрозаводсктун 29 жаштагы тургуну болушу мүмкүн жана ал тросту тагынбай иштеп жаткан.

«Тартип коргоочулар аталган мекемеде учурда коопсуздук эрежелери канчалык сакталганын текшеришүүдө»,-деп жазылат маалыматта.

Кошумчалай кетсек, «Петербургский» спорттук-концерттик комплекси 1979-жылы курулган.

Количество просмотров: 628