• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Пирматов: Кант авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылбайт

3 Кулжа 2020 15:32 Бишкек Govori.TV

Кант авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет төрагасы, депутаты Исхак Пирматов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазган.

«Достор, «Кант» авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылганы жатыптыр» деп кечээтен бери ушак көбөйүп кеткенинен Жогорку Кеңештин профилдик комитетинин төрагасы катары унчукпай коё албадым. Андай эмес! Ишенбеңиздер. Бардык документтер, кагаздар ачык, бардык сайттарда жайгаштырылган. Ошол жерден бир карыш жер тилкеси же болбосо базанын территориясынын менчикке өткөрүлүп берилип жаткандыгы жөнүндө бир сөз табылса, анда ошол айтылып жаткан саткын ж.б. деп өзүм кыйкырып, сап башында турмакмын! Бир нерсеге ишенерден мурун расмий кагазын, жазуусун окуп коюуңуздарды өтүнөт элем, достор!

Кеп учак учуп конуучу сызык (ВПП — взлётно посадочная полоса) жаңылангандан кийин бетон плиталарынын менчик болуусу жөнүндө гана. Бирок анысы дагы келишимдин мөөнөтү бүтөрү менен Кыргызстанга өтөт. Анын астындагы жер же болбосо башка жер тилкеси жөнүндө бир да сөз жок, болушу дагы мүмкүн эмес! Биз анчалык эле сабатсыз эмеспиз, бир чечим кабыл аларда тиешелүү документтерди окуйбуз. Анан дагы, эч кайсы кызмат орун жана бүткүл дүйнөнүн байлыгы — мекендин бир карыш жерине татыбайт жана биз үчүн азгырык боло албайт! Кечээ комитеттин күн тартибинен алып салганыбыздын себеби — Жер ресурстар агенттигинин корутундусунун келбей калганы болду. Буйруса, кийинки шейшемби 9.06.20 комитеттин жыйынында бул маселени кенен карайбыз. Түз эфир болот деп убада берем!”, — деген билдирүү калтырган Пирматов.

Количество просмотров: 51