• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Подмосковьеде кулаган учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес

11 Бирдин айы 2018 22:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.11.02.2018.Govori.TV.

Подмосковьеде кулаган учактын ичинде кыргызстандыктар болгон эмес. Бул тууралуу өлкөнүн Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ыкчам байланыш кызматы аркылуу кулаган учактын ичинде КР жарандарынын жок экенин тактаган.

Белгилей кетсек, учурда ӨКМ кызматкерлери кырсык болгон жерде издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатат. Ушу тапта эки адамдын сөөгү табылды.

Эскерте кетсек, бүгүн Бишкек убактысы менен саат 17.26да Москванын Домодедово аэропортунан учуп чыккан Ан-148 көп өтпөй эки чакырым бийиктиктен Подмосковьеде кулаган. Учактын ичинде 65 жүргүнчү жана экипаждын алты мүчөсү болгону маалымдалган.

Количество просмотров: 31