• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

“ПолитКлиника” жана «Темиров лайвдын» журналисттеринин үйүнө милиция келди

16 Үчтүн айы 2024 8:15 Бишкек Govori.TV

“ПолитКлиниканын” журналисти Тыныстан Асыпбектин үйүнө милиция келди. Бул тууралуу «ПолитКлиниканын» жетекчиси Дилбар Алимова фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, журналисттин үйүндө массалык башаламандык уюштуруу боюнча кылмыш иштин алкагында тинтүү жүрүп жатат.

Ошол эле учурда «Темиров Лайвдын» жетекчиси Болот Темиров да билдирүү жазып, агенттиктин мурдагы журналисти Актилек Капаровдун үйүнө милиция келгени жазды.

Темиров “Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызынын, бул командада иштеген журналист Сапар Акунбековдун Бишкектеги үйлөрүндө, ушул эле долбоорлордо иштеген Азамат Ишенбековдун Токмоктогу үйүндө тинтүү болуп жатканын билдирди.

Количество просмотров: 44