• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Польшада Казакстандын 16 жаштагы жаранын атып кетишти

4 Жетинин айы 2020 9:29 Бишкек Govori.TV

2-ноябрда Польшанын Ополе-Любельск шаарында 16 жаштагы казакстандык жаранды атып кетишти. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Польшага окуганы барган жаран окуя болгон жерде дароо жан берген. Учурда адам өлүмү фактысы боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Азырынча кылмышка шектүү адам табыла элек.

Казакстандын Польшадагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жеткирүү боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы кабарланууда.

Польшанын Люблин шаардык прокуратурасы Казакстандын жараны достору менен сейил бакка алма терүүгө барардын алдында өлтүрүлгөнүн билдирди. Ал эл аралык программа боюнча мектеп-интернатында окуп жүргөн.

Количество просмотров: 99