• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Польшада премьер-министр менен өкмөт отставкага кетти

14 Жетинин айы 2023 9:07 Бишкек Govori.TV

Польшанын премьер-министри Матеуш Моравецкий Сеймдин (парламент) биринчи отурумунда мыйзамга ылайык, министрлер кабинети менен бирге отставкага кетти.

Моравецкий жана анын “Укук жана адилеттүүлүк” партиясы эки жума ичинде министрлер кабинетинин программасын Сеймге сунуштоосу керек. Ишеним көрсөтүү добуштардын абсолюттук көпчүлүгү менен кабыл алынат.

10-ноябрда оппозициялык “Жарандык коалиция”, “Үчүнчү жол” жана “Солчулдар” партиялары коалициялык келишимге кол коюшуп, Еврокеңештин мурдагы башчысы Дональд Туск жетектей турган өкмөттү түзүү ниетин билдиришкен.

Октябрдын орто ченинде өткөн парламенттик шайлоодо Польшанын башкаруучу “Мыйзам жана адилеттүүлүк” партиясы 35%, “Жарандык коалиция” 30% добуш алган. Ошол эле учурда башка оппозициялык кыймылдар менен бирге Тусктун партиясы парламентте көпчүлүктү алат.

Количество просмотров: 72