• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Польшадан келген медкызматкерлер Бишкектеги ишин жыйынтыктады

24 Чын куран 2020 16:28 Бишкек Govori.TV

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун аймактык бюросунун кеңсесинде коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү алкагында өлкөгө Польшадан келген медициналык адистер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр өлкөгө медициналык эксперттер тобунун өз учурунда келгендигин жана жер-жерлерде ата мекендик медициналык кызматкерлер менен биргелешкен кызматташуусу орун алып жаткандыгын белгиледи. Жолугушуунун жүрүшүндө адистердин байкоолорунун жыйынтыгы чыгарылып, кырыгыз адистери тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча пикир алмашуу болду.

Өз кезегинде польшалык дарыгерлер кыргыз дарыгерлеринин кесипкөйлүгүнө жана ооруканалардын жабдылышына жогору баа берди.

Аида Исмаилова Кыргызстандын дарыгерлерине жана Польшадан келген медициналык эксперттерге, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Польшадан келген дарыгерлер тобу Кыргызстандын аймактык ооруканаларына барып, дарыгерлер менен биргеликте оорулууларды карап чыгып, медициналык кызматкерлердин оору жугузуп алуу себептерин талдоого алышат.

19-апрелде Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун линиясы боюнча Польша Республикасынан курамында 8 адистен турган медициналык топ келген. Алар Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы атамекендик адистерге коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүдө көмөк көрсөтүшөт.

Количество просмотров: 1739