• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Польшалык ветеринарлар Нарында иттерге операция жасап жатышат

24 Бугу 201910:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.24.05.2019.Govori.TV.

«Менин жашоом эхинококкозсуз» долбоорунун алкагында Польшадан келген ветеринардык хирургдар тобу Ат-Башы районунун жеке ветадистерине итке тирүү кезинде диагноз коюу жана иттерге кастрация-стерилизация жасоо боюнча практикалык тренингдерди өткөрүшүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Ат-Башы райондук ветеринардык фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысы Үмөтаалы Саалаев: «Эхинококкоз дартын таратуучу ит болгондуктан 4 күндөн бери польшалык кесиптештер итке операция жасоону көрсөтүп беришүүдө. Итти биз атып жатабыз, аткан менен маселе чечилген жок. Ошондуктан ит ээлери менен сүйлөшүп, иттин көбөйүүсүн операция жолу менен кыскартыш керек.

Адамга кандай операция жасалса ошондой кылып жасаганды көрсөтүштү. Наркоз берилип, бардык эрежелер сакталды. Биз буга чейин итке операция жасачу эмеспиз. Башкы максаты — иттин санын кыскартуу», — деди.

Кастрация (бычуу) — жаныбарлардын репродуктивдик органдарын алып салуу. Мында эркегинин уругу алынат. Ал эми ургаачыны бычуу жарым-жартылай болушу мүмкүн. Анын энелик уругу же уругу жатыны менен чогуу алынып салынат
h

Количество просмотров: 19