• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Польшанын президенти өлкө аймагындагы ракетанын жарылуусун кырсык деп атады

17 Жетинин айы 2022 9:15 Бишкек Govori.TV

Польшада эки кишинин өлүмүнө алып келген ракетанын жарылуусу бул өлкөгө чабуул эмес, кырсык болушу мүмкүн. Бул тууралуу Польшанын президенти Анджей Дуда өкмөттүн 16-ноябрдагы жыйынында билдирди.

Дуданын айтымында, ракета Украинанын абадан коргонуу системасына таандык болушу ыктымал.

«Ракетаны Орусия атканы боюнча эч кандай далил жок. Снаряддын дүрмөтү эмес, андагы отундун калдыктары жарылган», – деди президент.

16-ноябрда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг да Польшадагы ракетанын жарылуусуна Украинанын абадан коргонуу системасы себеп болушу мүмкүн экенин айтып, бирок акыр-аягында бул окуяга мыйзамсыз согушту улантып жаткан Орусия жооптуу экенин белгиледи. Ал алдын ала анализ ракета атайлап атылбаганын көргөзгөнүн, иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалады.

Германиянын жана Британиянын лидерлери да Орусия Украинага басып кирбесе, мындай болбойт эле деген мааниде билдирүү жасашты.

Польшанын аймагына ракета тийгени 15-ноябрдын кечинде Орусия украин аймагын тынымсыз аткылаган учурда белгилүү болгон. Бир катар агенттиктер орусиялык ракета Польшанын чек арасынан өтүп, айыл чарба фермасына кулаганын маалымдаган. Украина жана НАТОнун айрым мүчөлөрү да орус ракетасы тууралуу маалыматтарды тараткан.

Орусиянын Коргоо министрлиги өз аскерлери украин-поляк чек арасына жакын жерге сокку урбаганын билдирди жана ракетага байланышкан маалыматтарды чагым деп атады.

Количество просмотров: 118