• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Порно чуусу. Музыка мугалими менен сайт соттошууга даяр

24 Үчтүн айы 2018 16:22 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.01.2018.  Govori.TV

Кыргыз Улуттук Калый Молдобасанов атындагы консерваториянын окутуучусу Марина Шипулина өзүнүн ар-намысына шек келтиргендиги үчүн Nazarnews.kg сайтын сотко берет. Бул тууралуу ал атайын маалымат жыйынында билдирди.

“Биз азыр Nazarnews.kg сайтына чыккан маалымат боюнча бардык документтерди, скриндерди чогултуп жатабыз. Такталбаган маалыматты жарыялаганы үчүн аларды сөзсүз сотко беребиз. Ооба, мени каралаган адам бар. Аны менен 6 жыл чогуу жашап августь айында эки башка жолго түшкөнбүз. Ошол күндөн баштап эле ар түрдүү коркутуулар болуп баштаган. Социалдык тармактары аркылуу таратылган видео жана сүрөттөрдү менин токсон жаштагы агама да көрсөтөм деп шантаж кылып келген. Бирок, сүрөттөгү мен эмесмин, бул эң мыкты деңгээлде жасалган монтаж. Мен бул факты боюнча тийиштүү органдарга арыз жаздым. Азыркы күндө укук коргоо органдары иш алып барып жатышат. Мага психологиялык жактан катуу сокку болду»,- деген ал.

Бирок, аталган сайтын ээси Гүлжан Шерипбаева  маалымат такталып чыгарылганын, эгер сайтты сотко берсе сотто далилдөө мүмкүнчүлүгү бардыгын айтты. “Бизге Марина Шипулина тууралуу маалыматтарды окурмандарыбыздын бири электрондук  почта аркылуу салып жиберишиптир. Бирок, биз тактап туруп, андан кийин чыгарганбыз. Менде азыр анын чуулгандуу видеодогу өзү экенин далилдеген 50дөн ашык сүрөтү жана видеонун түп нускасы бар. Биз суранычтар менен ал маалыматтын өзүн да алып койгонбуз”,-дейт ал.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда интим тасмаларды жайылтууга, көргөзүүгө мыйзам аркылуу тыюу салынган. Ал эми аталган сайт маалыматты жайгаштырууда кайсы бир интимдик сайтка шилтеме жасап, кийин аны өчүргөн болчу.

 

 

Количество просмотров: 47