• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Премьер-министр алты акимди кызматтарынан оодарып түштү

22 Бирдин айы 201911:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.22.02.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон буйрукка ылайык, алты аким ээлеген кызматынан бошотулду:

— Ысык-Көл облусунун Тоң районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Таалайбек Ажиев

— Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Улан Доконбаев

— Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Жумгалбек Дүйшебаев

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Масалбек Мырзамамытов

— Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун мамлекеттик администрация башчысы–аким Майорбек Сатымкулов

— Чүй облусунун Москва районунун мамлекеттик администрация башчысы-аким Азамат Эсенбеков.

Бул чечим Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралындагы жыйынынын протоколдук чечимине ылайык кабыл алынды.

Количество просмотров: 13