• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Премьер-министр билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковду сунуштады

6 Аяк оона 201922:45 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин кароосуна Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына Исаков Каныбек Абдуваситочвичдин талапкерлигин көрсөттү.


Каныбек Исаков 2011-жылдан тартып азыркы учурга чейин Ош мамлекеттик университетинин ректорунун кызматын аркалап келет.

Количество просмотров: 157