• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Премьер-министр Чолпон-Ата шаарынын мэри А.Саралаевди кызматынан бошотту

2 Тогуздун айы 201815:24 Бишкек Govori.TV
Бишкек.02.10.2018.Govori.TV.
Карыбек (Акылбек) Аланбаевич Саралаев Чолпон-Ата шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Буга чейин Чолпон-Ата шаардык кеңешинин депутаттары 25-сентябрда өткөн отурумда шаар мэри А.Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөтүшкөнү маалымдалган. Отурумга катышкан 18 депутаттын ичинен 16 эл өкүлү А.Саралаевге ишенбөөчүлүк көрсөткөн, 2 депутат каршы болгон.

А.Саралаев Чолпон-Ата шаарынын мэри болуп 2017-жылдын 16-февралында шайланган.

Шайлоодо Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы, КСДП партиясынан сунушталган А.Саралаевдин талапкерлигине 21 депутаттын ичинен 17 эл өкүлү добуш берген.

Количество просмотров: 46