• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Премьер-министр Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына келди

29 Чын куран 201921:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Ереван шаарына (Армения Республикасы) келди.

Ереван шаарынын аэропортунан Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевди Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян тосуп алды.

Маалымдама: Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамына:

— Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков;

— Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Джекшенкулов;

— Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов;
— Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялык жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов;

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн эл аралык кызматташуу бөлүм башчысы Айбек Айдарбеков;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев кирген.

Количество просмотров: 12