• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Премьер-министр катышкан жыйынга журналисттерди тандап киргизгенби?

11 Бирдин айы 2019 16:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.02.2019. Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 7-февралында Ош шаарында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин катышуусундагы жыйынга бир топ журналисттер киргизилбей калган. Бул тууралуу 7-каналдын кабарчысы Азиза Пусурманкулова билдирди.

Ал өкмөт башчынын Ош шаарына келээри тууралуу бир күн мурун маалым болуп, жыйынга катталуу үчүн байланышышканын айтты.

«Шаардык мэриянын басма сөз катчысына байланышканыбызда алар жыйындын өтөөрү да белгисиз деп айтышкан эле. Башка журналисттер да барып кире албай келишиптир. Жыйынды жашыруун өткөрүүгө аракет кылган деп түшүндүк. Ошол эле кезде мамлекеттик ЖМКнын өкүлдөрү катышкан. Ал жерде болгон маселени чагылдырууга мүмкүнчүлүк берилиши керек эле. Журналисттер арасында Абылгазиев маалымат каражаттарын ылгап коёт деген пикирлер айтылып жатат», — деди Азиза Пусурманкулова.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров 7-каналга берген маегинде өкмөт башчынын катышуусундагы коллегиялык жыйын ачык өткөнүн билдирген.

Количество просмотров: 24