• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Премьер-министр «Кытай Алтыны» корпорациясынын башкы директорунун орун басары менен жолукту

7 Жетинин айы 2018 13:37 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 07.11.2018.Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кытай Улуттук «Кытай Алтыны» алтын кен иштетүүчү корпорациясынын башкы директорунун орун басары Цзян Лян-Ю менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз РеспубликасынынӨ Өкмөтүнүн Аппаратынынм аалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда «Кичи-Чараат» байытуучу фабрикасынын үстүбүздөгү жылдын декабрында ишке киргизилишине байланыштуу маселелер талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, Өкмөт инвестицияларды коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурат жана ак ниет, Кыргызстанда мыйзамга ылайык жана бардык экологиялык ченемдер менен талаптарды сактап иштөөгө ниеттенген инвесторлорду ар дайым колдойт. «Кытай Эл Республикасы биздин стратегиялык өнөктөш, жакын коңшу жана досубуз болуп саналат, кыргыз-кытай кызматташтыгы өтө жогорку деңгээлде турат», — деп белгиледи Премьер-министр, ал жайында Президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары жемиштүү өткөнүн ырастады.

Өз кезегинде Цзян Лянь-Ю учурда үстүбүздөгү жылдын декабрында «Кичи-Чаарат» ЖАК байытуучу фабрикасын ийгиликтүү ишке киргизүүгө даярдоо боюнча бардык иштер аяктаганын маалымдап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө аракеттешүүсү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле ал Премьер-министрге компаниянын экономиканын башка секторлоруна инвестиция салуу боюнча пландары тууралуу айтып берди.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, инвестициялар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча аткарылган иштердин арты менен Кыргызстанда жаңы өндүрүштүк объектилер ачылууда жана бир катар маанилүү инвестициялык долбоорлор жүзөгө ашырылууда, бул аймактардын жана жалпы экономиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.

Маалымдама: Куру-Тегерек кенин иштетүүгө 10,5 млрд сом инвестицияланган, 500гө жакын жумуш орундары түзүлгөн. Байытуучу фабриканы ишке киргизген соң компания инвестицияларды жана жумуш орундарынын көлөмүн көбөйтүүнү мындан ары да улантууга ниеттенүүдө.

 

Количество просмотров: 22