• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Премьер-министр Мурашевдин ишин сынга алды

26 Тогуздун айы 2018 18:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек.26.10.2018.Govori.TV
 Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин төрагалыгы алдында бүгүн, 26-октябрда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кезектеги жыйыны өттү.
Жыйында премьер-министр айыл чарба, жеңил өнөр жай жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин ишмердүүлүгүн сынга алды.
«Сиз жакшы иштебей жатасыз. Эки айдын ичинде мамлекеттик органдардын 6 кызматкери алмашты”,-деди Абылгазыев.
Буга чейин Нурбек Мурашев айыл чарбанын абалы боюнча доклад окуган.
Биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов дагы министрдин кылган ишине ичи чыкпай жатканын кошумчалаган.
“Сиз өзүңүз катыша турган жыйындарга  көп жолу келген жоксуз. Ордуңузга орун басарыңызды жиберип коесуз. 6 айдан бери жакшы иштей албай жатасыз. Министрликте карыган адамдар иштейт окшойт, эч нерсе кылгысы келбеген”,- деген вице-премьер министр Кубатбек Боронов.
Абылгазыев Кыргызстандын 70% эли айыл чарба менен алектене турганын кошумчалады.
“Бул тармакта кардиналдуу өсүштөрдү жасоо керек”,- деди ал.
Количество просмотров: 22