• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Премьер-министр: Жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек

11 Жалган куран 2020 11:41 Бишкек Govori.TV

Алдыдагы жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев ушул жылдын 12-апрелине белгиленген жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө карата даярдык көрүү маселеси боюнча жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Белгилей кетсек, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Нарын жана Жалал-Абад облустарындагы 25 айылдык кеңештин, ошондой эле 5 шаардык кеңештин (Ош, Майлуу-Суу, Балыкчы, Каракол жана Токмок) депутаттарын шайлоо өнөктүгү болот.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын маалыматы боюнча, мандаттардын жапы саны 544ү түзөт, анын 169 – шаардык кеңеш, 375 – айыл кеңешке. 8-мартка карата шайлоочулардын саны 342 545 адамды түздү.

«Жергиликтүү кеңештерди шайлоо өнөктүгү жогорку деңгээлдеги уюшкандыкта өтүүсү керек. Процесстин ачык-айкын өтүшүн камсыз кылуу маанилүү. Биз буга чейин заманбап технологияларды колдонуу менен бир нече жолу шайлоо жана референдум өткөрдүк. Өлкө мындан ары да шайлоо өнөктүгүн өткөрүү боюнча топтогон алгылыктуу тажрыйбасын бекемдеши керек», — деди Өкмөт башчы.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик органдарга аймактык шайлоо комиссиялардын жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүүгө толук жардам берүүнү, аларды транспорт, материалдык-техникалык каражаттар, байланыш каражаттары менен, электр энергиясын үзгүлтүксүз берүүнү камсыз кылууну тапшырды.  

«Шайлоо учурунда жер-жерлерде коомдук коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу зарыл. Жергиликтүү кеңештерди шайлоону мыйзам бузбай, кынтыксыз өткөрүү маанилүү», — деп белгиледи Премьер-министр.

Жыйындын жүрүшүндө тармактык мамлекеттик органдарга мындан ары жарандарды массалык каттоо фактысына жол бербөө тапшырмасы берилди.

Количество просмотров: 61