Өкмөт башчы Мухамедкалый Абылгазиев өзгөчө кырдаал шартындагы антикризистик программа учурда иштелип жатканын белгилеп, долбоор май айында жарыя кылынарын айтты. «Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөсү, депутат Руслан Казакбаев өкмөткө өзү менен өзү эле алектене бербей, тажрыйбалуу эксперттерди да тартып, кеңеш түзүүнү сунуш кылды.
Бүгүн, 30-апрелде премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиев баштаган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңеште өзгөчө кырдаал шартындагы өкмөттүн иши тууралуу маалымат берип жатат.