• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Премьерликке талапкер Марипов: Өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскарат

1 Бирдин айы 2021 12:10 Бишкек Govori.TV

Өкмөттүн курамы 22ден 16га чейин кыскарат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин коалиция көпчүлүгүнүн жыйынында премьер-министрлик кызматка талапкер Улукбек Марипов билдирди.

Марипов премьерлик кызматка келсе, өкмөткө баш ийген бардык мамлекеттик органдарды, фонддорду жана ведомстволорду реформалоо пландаштырылып жаткандыгын белгиледи.

«Сиздер менин талапкерлигимди колдосоңуздар, анда бүгүн Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытовго өкмөттүн курамын жана түзүмүн расмий көрсөтүүнү пландап жатам», — дейт ал.

Количество просмотров: 159