• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Президент: 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз

26 Жетинин айы 202211:15 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда Элдик курултайдын экинчи күнү өтүп жатат.

Иш-чаранын башында президент Садыр Жапаров сөз сүйлөп, жакынкы жылдарда социалдык көйгөйлөр чечилет турганын айтты.

“Кечээ сүйлөгөндүн көпчүлүгү мектеп, бала бакча, маданият үйү, спорт комплекстери тууралуу суранбадыбы. Бүгүн сүйлөй турган делегаттар башка көйгөйлөрдү айтып, сунуштарды берсеңиздер. Анткени, мектептер менен бала бакчалар эң биринчи биздин көңүл чордонубузда турган маселелер. Кайсы айылда мектепти жаңыртыш керектигин билебиз. Мен келгенде 246 айылда мектептер жараксыз болчу, азыр 200 айыл калды. Келе жаткан жылдын бюджетине мектептерди куруу, оңдоону киргизебиз. Бюджетти көтөрө алсак 200 мектепти бир жылда эле салып салат элек. Бирок азырынча каражат ага жетпейт экен. Ошону үчүн 2023-2024-жылдагы бюджетке бул тармакты каржылоону киргизебиз. Жакынкы 2-3 жылда мектеп деген көйгөйдүн баарын чечебиз. Бир дагы айыл эски мектеп менен калбайт”, — деди өлкө башчысы.

Количество просмотров: 148