• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Президент 2010-жылдагы июнь окуясында каза болгондору эскерди

10 Кулжа 2020 9:31 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10 -июнда, 2010 — жылдагы Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата каза болгондору эскерди.

Мамлекет башчысы Ош шаарындагы «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду. Июнь окуясында каза болгондорго багышталып куран окулду, — деп билдирет президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү.

Каза болгондордун туугандары жана окуянын катышуучулары менен болгон баарлашууда Сооронбай Жээнбеков ошол күндөрү болгон трагедиянын, эл башына түшкөн кайгы-муңдун издери дале болсо өчө электигин белгиледи.

«Энелердин төгүлгөн көз жашы, сыздаган ыйы, аталардын арманы унутула элек. Шейит болгон мекендештерибиздин элеси баарыбыздын жүрөгүбүздө», — деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы дагы бир ирет каза болгондордун туугандарына көңүл айтып, ошол кандуу күндөрдө ушул жерде жүргөнүн, ал окуяларды өз көзү менен көрүп, керт башынан өткөргөнүн эске салды.

«Сиздер менен чогуу чыр — чатакты токтотуу үчүн, тартипти калыбына келтирүү үчүн, элдин тынч турмушун улантуу үчүн тикебизден тик турдук. Баары эсимде. Ал күндөрү жакынын жоготкон ар бир мекендешимдин арманын, силердин кайгы–муңуңарды сезип, жүрөгүм менен кабыл алам», — деп белгиледи Президент ошол каргашалуу окуя эми эч качан кайталанбашын тилеп.

Сооронбай Жээнбеков Июнь окуялары мамлекеттин бүтүндүгүн, улуттар ортосундагы ынтымакты көздүн карегиндей сактоо керектигин эскертип турарын баса белгиледи.

«Кылымдар бою эриш-аркак, куда-сөөк, бир тууган болуп жашаган көп улуттуу элбиз. Ата-бабаларыбыз ынтымак менен биримдикти аздектеп, байыркы Ош шаарынын даңазалуу тарыхын жараткан. Улуттар аралык тынчтыкты, ынтымакты көздүн карегиндей сактоого ар бирибиз милдеттүүбүз. Өлкөбүздү чогуу күч — аракет менен гана өнүктүрөбүз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, Мамлекет башчысы бүгүн, 10-июнда эки күндүк иш сапары менен Ош облусуна барды. Иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарында Июнь окуясында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл койду.

Количество просмотров: 121