• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Президент 2024-жылдын бюджетин бекитти

14 Үчтүн айы 2024 12:08 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2024-жылга жана 2025–2026-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Бул Мыйзамдын максаты бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоо жана 2024–2026-жылдарда мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу башкаруу болуп саналат.

Мыйзамда Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджети кирешелер боюнча 378 млрд 405 млн 583,1 миӊ сом суммасында жана чыгашалар боюнча 367 млрд 493 млн 223,5 миӊ сом суммасында бекитилери каралган.

Мында Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин профицити 10 млрд 912 млн 359,6 миӊ сом суммасында белгиленет жана ал финансылык активдер менен болгон операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн жана тышкы милдеттенмелердин негизги бөлүгүн (мамлекеттик тышкы карыздын негизги суммасын) жабуу үчүн чыгашаларды каржылоого жумшалат.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын 2025–2026-жылдарга республикалык бюджетинин пландык көрсөткүчтөрү жактырылат.

Мыйзам 2024-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Количество просмотров: 141