• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Президент акчасы бар жарандарга алтын сатып алууну сунуштады

28 Бирдин айы 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Алтын эч качан кунун жоготпойт турганын айткан президент Садыр Жапаров Улуттук банктан алтын сатып алууну сунуш кылды. Бул тууралуу президенттин өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына валюта рыногундагы жагдай тууралуу жасаган билдирүүсүндө айтылат.

«Биз алтын куймаларын каалаган санда сатып алууну өзгөчө жеңилдеттик. Валютанын куну качат, алтындын гана баасы өсөт. Ошол үчүн акчасы бар жарандарыбызга Улуттук банктан алтын сатып алууну сунуштайм», — деди президент.

Жапаров алтынды бир граммдан баштап 13 килограммга чейинки куймаларын каалаган көлөмдө сатып алса болорун айтты.

«Көлөмүнө чек жок. Башка өлкөлөргө алып чыгып кетсе дагы болот. Эч кандай төлөмдөр жок, ушундай шарт түзүп койдук. Капиталыңарды кагаз акча менен сактагандан көрө алтын менен сактаңыздар. Ошол эле Улуттук банк сактап берет же ар ким өзү каалагандай сактаса болот. Кайсы убакта болбосун, алтынды кайра эле Улуттук банкка сатып жиберсе болот. Мекеме сиз сатып жаткан маалда наркы кайсы баада болсо ошол баа менен сатып алат», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 206