• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Президент Аксы окуясында курман болгондорду эскерди

17 Жалган куран 2022 10:01 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 17-мартта, 2002-жылдагы Аксы окуясында курман болгондорду эскерди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчысы Бишкек шаарынын борбордук «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы окуясында жана 2010-жылы Апрель окуясында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун элесине арналган монументке гүл койду.

Ошондой эле, Министрлер Кабинетинин жана Президенттин Администрациясынын жетекчилери, Бишкек шаарынын мэри Эмил Абдыкадыров монументтин алдына гүл коюшту.

Количество просмотров: 93